19:57
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Кумтөр» Саламаттык сактоо министрлигине 78 миллион сомдон ашык каражат которду

2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 78,468,300 сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Алардын маалыматында, «Кумтөр» компаниясы бул кадамы менен жаңы COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүү боюнча алдын ала көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн эске алып, ошондой эле социалдык жооптуу бизнес принциптерин жактоочулукту улантуу менен Саламаттык сактоо министрлигине республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү.

«Кумтор Голд Компани» президенти Деон Баденхорст: «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн 1 миллион АКШ доллары COVID-19 менен күрөшүүдө биздин ишкананын татыктуу салымы эле эмес, өлкөдөгү саламаттык сактоо системасын жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенебиз« — деп белгиледи.

Андан тышкары, коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам татаалдашып кеткен кыйын учурда, «Кумтөр» өлкөгө жардамдарды туруктуу көрсөтүп келет. Атап айтканда, 2020-жылдын мартында «Кумтөр Голд Компании» 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам көрсөткөн, ал Ысык-Көл облусунун аймагындагы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылтпоого багытталган иш-чараларга тартылган облустун тиешелүү структураларын жана калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого сарпталган.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана андан ары жайылтпоого 12 миллион сом бөлүп берди. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны кескин көбөйүп, оору күчөп турган июль айында, «Кумтөр» компаниясы 90 кычкылтек концентраторун сатып алып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы шаарынын медициналык мекемелерине өткөрүп берди. Бөлүштүрүү койкалардын ордуна ылайык жүргүзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар