19:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбек-кыргыз чек арасындагы чектөө алынды

1-сентябрдан тарта өзбек-кыргыз чек арасындагы өткөрүү пунктары толук иштей баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары билдирет.

Өзбекстан Кыргызстандан барган жарандарды кабыл алуу тартибин бекитти. Ага ылайык акыркы 14 күн Кыргызстанда болуп, 72 саат ичинде тапшырылган ПЦР тесттин жыйынтыгы болсо, ал адам карантинге алынбайт.

Өзбекстандын жарандары Кыргызстандан башка аймактарга чыккан эмес болсо, кайра мекенине кайтканда кыймылы убактылуу чектелбейт.

Калган учурларда Өзбекстанга кирген адамдар талапка ылайык карантинге алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар