07:22
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты

Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 2020-жылдын 26-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, алты көпүрөнү жараксыз абалга келтирген.

«ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймак өкүлдөрү тартылган. 26-июлда тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, учурда калыбына келтирүү иш-чаралары өтүүдө», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Тогуз-Торо районунда дагы сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар