08:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мирзиёев өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү узартуу сунушун колдоду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү узартуу тууралуу Республикалык атайын комиссиянын сунушун колдоду. Бул тууралуу мамлекет башчы 23-июлда өткөн видеоселектордук жыйында айтканын анын басма сөз кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселеси катары калк арасында вирустук чынжырчаны үзүү болуп эсептелерин белгиледи.

«Бул үчүн карантиндин талаптарын аткарып, иммунитетти бекемдөө, ден соолукту коргоо жана ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүү керек», — деди Шавкат Мирзиёев.

Мындан тышкары президент коронавируска каршы күрөшүп жаткан бардык дарыгерлер, анын ичинде видеобайланыш аркылуу жардам берип жаткан чет өлкөлүк адистер да тиешелүү деңгээлде сыйланышы керектигин билдирди.

«Бизге Германиядан профессор келип, бейтаптарды дарылоого түздөн-түз катышууда. Бүгүн Түркиядан профессорлордун тобу келет. Башка өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистерди тартуунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди Шавкат Мирзиёев.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүндө Республикалык комиссия карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтүн канчага узартууну сунуштаганы такталган эмес.

Буга чейинки өлкөдөгү карантиндик чектөөлөр 1-августка чейин күчүндө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар