02:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өзбекстанда транспорт кыймылы токтотулат

Өзбекстанда 31-июлда, 1-2-августта, ошондой эле 8-9-августта транспорт кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Podrobno.uz басмаканасы Атайын республикалык комиссиянын чечимне таянып жазып чыкты.

Документте көрсөтүлгөндөй, 31-июль, 1-2-августта жана 8-9-августь күндөрү транспорт кыймылы токтотулат, анын ичинде таксилер дагы бар. Бир гана уруксат берилген белгилери бар автоунаалар жүрө алат.

Мындан сырткары, жеке унаа менен жүрүүгө уруксат берилет, бирок шашылыш медициналык жардамга муктаж болгон учурда гана (кош бойлуулук, төрөт, травма, ВИЧ / СПИД, онкология, радиация терапиясы, гемодиализ, хирургия жана башка өмүргө коркунуч келтирген учурлар). Ушул күндөрү жарандарга үйдө отурууга жана себепсиз көчөгө чыкпоо сунушталат.

Эске сала кетсек, Өзбекстанда коронавирустун жайылуусу көп катталып жаткандыктан карантин 15-августка чейин узартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар