01:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азимжан Аскаровду жерге берүү зыйнаты Өзбекстанда өтөт

Өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаровду жерге берүү зыйнаты Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу журналисттерге «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Өлүктү союунун жыйынтыгы бүгүн жарыяланат. Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича күйөөсүнүн каалоосун орундатып, аны Өзбекстанда жерге берүүгө ниеттенип жаткандыгын маалымдады.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, каза болгон укук коргоочунун кесиптештери Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине байланышып, уюштуруу маселелеринде жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышат.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму түрмөдө каза болгон укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу өкмөттү сотко берүүнү керектигин айтышат, алардын айтымында, Кыргызстандын түрмөлөрүндө күнөөсүз жазасын өтөп жаткан адамдар көп.

Азимжан Аскаров 25-июлда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 2-декабрында Жогорку Сот бир катар эпизоддорду кылмыштан ажыратып, Азимжан Аскаровдун айрым беренелери боюнча жазасын өзгөрткөн. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө катыштыгы бар» деген айыптын негизги беренеси сакталып, ага ылайык өмүр бою эркинен ажыратылган.

Укук коргоочу 2010-жылы республиканын түштүгүндө болгон июнь коогалаңында улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети укук коргоочунун кыйноолордун курмандыгы деп тааныган, анын кылмыш ишиндеги бардык сот чечимдери адилетсиз болуп, аны бошотууну сунуш кылган. Бирок, Кыргызстан бул сунуштарды кабыл алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар