15:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азимжан Аскаров түрмө жетекчилигине каршы эл аралык уюмдарга арызданды

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлүнө, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жана ЕККУнун Бишкектеги борборуна ачык кат жазды.

Катты Voice of Freedom коомдук фондунун төрагасы Абдумомун Мамараимов таратты.

Аскаров № 19 түзөтүү колониясынын башчысы Н. А. Труспеков мыйзамыз иштерге барып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, түрмө жетекчиси жолугушууларга чектөө киргизип, пенсия төлөп берүү боюнча талапты көңүл сыртында калтырууда. Укук коргоочу өзүнүн эле эмес, башка соттолуучулардын да укуктары бузулуп жатканын белгилеген.

«Эл аралык коомчулук Кыргызстан бийлигин БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин аткарууга жана мени токтоосуз түрдө бошотууга чакырып жатканда, № 19 түзөтүү колониясынын башчысы мени шылдыңдап, үй-бүлөм менен жолугушууга тоскоол болууда», — деген Аскаров.

Ал июнь окуясы боюнча соттолгондор БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынан жана башка эл аралык уюмдардан бул ишти караган соттордун жана адвокаттардын көз карандысыздыгынын деңгээлин аныктоону жана кыйноо тууралуу даттанууларды текшерүүнү күтүп жатканын белгилеген.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта кармалууда.

30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human Rights Watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар