18:14
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаров Жогорку сотко кайрылат

Өмүр бою эркинен ажыратылган белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаров Жогорку сотко кайрылат. Ал кассациондук арыз жазып, жаңы жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароону талап кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Валерьян Вахитов билдирди.

Азимжан Аскаров Чүй облустук сотунун чечимине макул эмес. Анда өмүр бою эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган. 

«Сот адам укуктары боюнча БУУ комитетинин сунуштамасын аткарган жок. Демек, өкмөт эл аралык макулдашуулардын катарындагы келишимди бузду. Мындан улам Азимжан Аскаров министрлер кабинетин дагы сотко берди. Жогорку сотко жазылган арызда ал отурумга өзү катышып, пикирин билдире турганын көрсөткөн. Мындан тышкары ал БУУнун атайын докладчыларына кат жазды, жакынкы аралыкта аны жолдойбуз», — деди жактоочу.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта кармалууда.

30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human Rights Watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Эң көп окулган жаңылыктар