09:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Азимжан Аскаров: Мен күн сайын намазда Отунбаева, Атамбаевды каргайм

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров ачык кайрылуу жасады. Ал катты Базар-Коргон районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Өскөнбаевге багыттаган.

Укук коргоочу кармалган кезде Азизбек Өскөнбаев ыкчам кызматкер катары аны кабыл алган.

Азимжан Аскаров ага коюлган күнөөнү толук четк кагып, милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүү буйругун бербегендигин жана ал жерде болбогондугун айтат.

Эскерте кетсек, 2010-жылы Ош коогалаңында милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө айыпталгандардын катарында Азимжан Аскаров дагы бар.

«Мен мага каршы калп көрсөтмө бергендердин баарына күн сайын намазда каргаймын. Саясатчыларды, Отунбаеваны, Атамбаевди да каргайм. Бирок, булардын катарында Азизбек Өскөнбаев жок. Сенин жазаңды кудай өзү берет», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар