07:40
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын канааттануу менен белгиледи.

«Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандыруу жөнүндө талкуулашты. Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын карашты», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар