08:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кара-Балта балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүн ЖОЖго окутуу үчүн колдоо керек

«Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фонду Кара-Балтадагы балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүн жогорку окууга тапшыртуу үчүн каражат чогултуу ишин баштады. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Игорь Беляев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Ал белгилегендей, фонд балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн үчүнчү Жаштар үйүн ачууда, ал жакта 24 бала жашайт.

Игорь Беляев кошумчалагандай, Кара-Балтадагы балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү Туризм академиясынын колледжинде окуусун улантууну каалашкан. Билим берүү мекемеси фонддун өтүнүчү боюнча университет жеке менчик экендигин, бирок келишимдик нарктын 50 пайыз өлчөмүндө окуу акысына жеңилдик берүүгө макул болгонун билдирди. Экөө тең окуу жылына 24 миң 500 сом сарптап окушат.

Фонд белгилегендей, бүтүрүүчүлөрдүн жогорку билим алуусуна жардам берүүнү каалагандар алардын контрагына көмөкөшсө болот же Элсом 0559800579 номуру аркылуу акча которо алышат (телефондогу тиркеме — 02523 номери боюнча кызматтарды төлөө).

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума