20:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алексей Петрушевскийге адам укуктары боюнча француз премиясы ыйгарылды

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийге Франциянын адам укуктары боюнча консультативдик комиссиясынын премиясы ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка караганда, премияны Адилет министрлиги жыл сайын адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө тапшырат. Бул жылы комиссия 58 өлкөдөн 164 талапкерди карап чыккан.

Алексей Петрушевскийден башка Перу, Хорватия, Конго жана Руанда өлкөлөрүнүн укук коргоочулары премия алышты.

Эске салсак, Алексей Петрушевский дээрлик 16 жыл бою Бишкек мэриясынын алдындагы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборун жетектеген.

Буга чейин Алексей Петрушевскийге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлганын 24.kg агенттигине жактоочу Елена Гаврилова билдирген.

«Алексей Петрушевскийге борбордун директору болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюшууда. 2017-жылы жашоого жат келген жүрүм туруму бар аялдын баласына чоочун аял жардам берген. Алексей ал аял менен баланын жолугушуусуна уруксаат берген. Ал баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калган. Баланын каалоосу жок эле жакындарына беришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алексейдин уруксаат бергенге укугу жок болчу», -деп айтты жактоочу.

 

Эң көп окулган жаңылыктар