11:13
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Талас облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча иш сапарларын улантууда. Бүгүн өлкө башчы Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышат.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 21-июлда пандемияга байланыштуу 12 ыктыярчы менен жолугушуу өткөргөн. Анда өлкөдөгү бардык көйгөйлөр айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар