15:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 11 жаштагы баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, ал каза болду

Бишкекте 11 жаштагы баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, кесепетинен ал каза болуп калды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар оюн талаасына уруксаты жок өз алдынча киришкен. Топ ойноп жаткан 11 жаштагы балага футбол дарбазасы кулап кетип, алган жаракатынан улам бала каза тапты.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кырсык 13-июнда Пишпек районунда жайгашкан кичи футбол аянтчасында болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар