Бишкекте күндүз жана түнкү ооруканаларга баргандардын саны кыскарууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Биз мурунку күндөргө караганда акыркы суткада жарандарды кыйла аз кабыл алдык. 21-июлда күндүзгү ооруканалар 3 миң 286 жаранга медициналык жардам көрсөтүштү, 590 адам түнкү стационарларга кайрылышты», — деп берилет мэриянын маалыматында.
Мэрия 21-июлга карата күндүзгү ооруканаларга 62 миң 326 адам кайрылгандыгын, алардын 46 миң 209у тамчылатма дары, 15 миң 786 адам дарыгердин кеп-кеңешинен өтүп, 322 бейтап ооруканага жаткырылганын кошумчалады. Түнкү ооруканаларда 4 миң 318 адам кабыл алынган, алардын 15и ооруканага жаткырылган.
Күндүзгү ооруканалар бейтаптарды 8.00дөн 20.00гө чейин, түнкү стационарлар — 20.00дөн 8.00гө чейин кабыл алышат.