04:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт ишкерлерди колдоого 4,2 млрд. сом бөлдү

«Ишкерлик субъекттерди каржылоо» программасын ишке ашыруу үчүн өкмөт коммерциялык банктарга 4,2 млрд. сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Мунун 2,2 млрд. сому Финансы министрлигинен жана 2 млрд. сому Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу берилди.

Көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу учурунда ишкердик субъекттерди колдоого багытталган.

Бул каражаттын алкагындагы 1,4 млрд. сомдук кезектеги траншты Финансы министрлиги 2020-жылдын 20-июлунда 8 коммерциялык банкка берди.

Алар:

  • «Айыл Банк» ААК — 350 млн. сом;
  • «РСК Банк» ААК — 350 млн. сом;
  • «Бакай Банк» ААК — 210 млн. сом;
  • «Оптима Банк» ААК — 200 млн. сом;
  • «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» — 120 млн. сом;
  • «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК — 120 млн. сом;
  • «Банк Бай Түшүм» ААК — 30 млн. сом;
  • «Финанскредитбанк» ААК — 25 млн. сом;

Буга чейин Финансы министрлиги коммерциялык банктар үчүн жалпы суммасы 840 млн. сомго эки аукцион өткөргөн, анын жыйынтыгы боюнча 6 коммерциялык банк ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө үчүн каражаттарды алышты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир катар бизнес ассоциациялар ишкерлерге жетиштүү финансылык колдоо болбой келатканын, каралган каражаттар калыс бөлүштүрүлбөй жатканын айтып келатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар