09:21
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

«Бирге» биримдигинин ыктыярчылары президент менен жолугушуудан баш тартышты

«Бирге» биримдигинин ыктыярчылары президент менен болгон жолугушууга барбайт. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Айдана Оторбаева өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.

Анын айтымында, бирикменин мүчөлөрү саясаттан алыс.

«Бирге» ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси катары жана бардык мүчөлөрдүн атынан айтсам, эртеңки жолугушууга бизден эч ким барбайт. Биз таптакыр эле саясаттан алыспыз. Биз кандай гана болбосун саясат менен байланышууну каалабайбыз«, — деп жазган.

Ошондой эле ал ыктыярчылардын ооруканалардагы жумуш убактысы эртең мененки 8.00дө башталаарын кошумчалады.

«Биз кайда барарыбыз түшүнүктүү болду го деп ойлойм», — дейт ал. 

Мындан тышкары, Айдана Оторбаева президент менен жолугушуунун мааниси жок жана мүмкүн болушунча натыйжасыз болот деп эсептейт.

Белгилей кетсек, эртең «Ала-Арча- мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылардын жолугуусу пландалган. Жолугушуудан Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык айтып беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар