18:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергенов бийликке нааразычылыгын билдирди

Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааркесинин белгиленгенине нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Анын айтымында, казак эли коронавирустун айынан жабыр тартып, кыйналып жаткан учурда мындай салтанатта салют аттырып, белгилөө бийлик тараптын эң чоң катачылыгы.

«Бул салют эмненин урматына аттырылып жатат? Биз коронавирус илдети боюнча алдыңкы орунда тургандыгыбыздын урматынабы? Бир жагынан эл дем алдыруучу кычкылтек аппаратын таппай жатса, экинчи жагынан Астанада салют аттырылып жатат! Дал ушундай дем менен уланта бергиле эмки жылы майрамдаганга жай таппай каласыңар», — деп жазган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар