04:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстан ИИМи: Arbat.media орус сотуна жооп бербейт

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жергиликтүү Arbat.media басылмасынын Орусия сотунан чакыруу алганы боюнча билдирүү жасады.

Arbat.media кабарлагандай, Казакстан ИИМи сот Орусия Федерациясынын жарандык-процессуалдык мыйзамдарынын талабына ылайык чакыруу жибергенин билдирди.

«Демек, Орусия Федерациясында кайсы бир ресурсту бөгөттөө боюнча чаралар Орусиянын ички мыйзамдарына негизделет. Башкача айтканда, Казакстан Республикасынын аймагында мындай чечим юридикалык күчкө ээ эмес», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Казакстан менен Орусиянын ортосунда ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү боюнча макулдашуулар жок. Arbat.media казак мыйзамдарын бузган эмес.

Аrbat.media билдиргендей, кеп «Орусиялык оккупанттар Харьков облусунда жеңилүүдө, бирок муну мойнуна алгылары келбейт» деген аталыштагы макала жөнүндө болуп жатат. Материалда украин, орус жана башка тараптардын маалыматтары көрсөтүлгөн.

31-январда Казакстандын Arbat.media порталы Украинадагы согуш тууралуу материалы үчүн Орусиянын Владимир шаарындагы Ленин райондук сотунан чакыруу алган.

Бул казакстандык ЖМК Орусия сотунан чакыруу алган алгачкы учур. Орусия Украинага кол салгандан бери Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө кызматы (Роскомнадзор) бир катар казакстандык басылмалардан Украинадагы согуш тууралуу материалдарды алып салууну талап кылган.

Маселен, Роскомнадзордон Аrbat.media, «Власть», Informburo.kz, Ratel.kz, Newtimes.kz басылмалары Украинадагы согушка байланыштуу материалдарды өчүрүүнү талап кылган кат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар