21:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Хабиб Нурмагомедов беттештерден тогуз айга четтетилди

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Невада штатынын Атлетикалык комиссиясынын чечими менен беттештерден тогуз айга четтетилип, 500 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. 

Буга мушкердин UFC чемпиондугу үчүн былтыр октябрда ирландиялык Конор Макгрегорго каршы беттешинен кийинки аракеттери себеп болгон. Мындан тышкары Хабибдин бир тууганы Абубакар менен спаринг-өнөктөшү Зубайра Тухугов дагы 25 миң доллардан айыппул төлөөгө милдеттендирилип, бул уюмдун иш-чараларына катышуудан бир жылга четтетилишти.

Эгер Хабиб кодулоого каршы акцияларга катышса, анын тогуз айлык мөөнөтү алты айга чейин кыскартылышы мүмкүн.

Атлетикалык комиссиянын чечими менен Конор Макгрегор дагы алты айга беттештерден четтетилип, 50 миң доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Беттештин алдында Макгрегор менен Нурмагомедовдун ортосундагы мамиле кескин курчуп кеткен. Нурмагомедовдун жеңиши менен аяктаган беттештен кийин орусиялык мушкердин командасынын үч мүчөсү, анын ичинде машыктыруучусу Ризван Магомедов Макгрегордун командасы менен мушташ чыгарып, кармалышкан. 

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар