16:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бир нече өлкө Кыргызстандын карызын төлөө убактысын узартууга макул болду

Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония Кыргызстандын карызын убактылуу токтотуп турууга макул болду. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече тараптардын макулдугу алынды.

«Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун алдындагы карызды убактылуу токтотуп туруу боюнча макулдашуу жетишилди. Кредиторлордун Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония Кыргызстандын карызын убактылуу токтотуп туруу макулдугун берди», — деди Кубатбек Боронов.

Кытай тарап менен карыздын айрым бөлүктөрү боюнча, президентибиз баш болуп, бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жерде дагы сүйлөшүүлөр бизге ылайыктуу жыйынтыктарды берет.

Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 53,8 миллион доллар үнөмдөлүшү күтүлөт.

«Бул каражатты биз башка, артыкчылыктуу багыттарга жумшоого мүмкүнчүлүк алабыз», — дейт ал.

Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 956,32 миллион долларды түзөт. Анын 1,7 миллиард долларын Кытайдын Экмимбанкына төлөп бериши керек. Өлкөнүн ар бир жараны бир канча өлкөгө жана фонддорго 692,8 доллардан карыз.

 

Эң көп окулган жаңылыктар