10:47
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Нурболот Үсөнбаев: Аттуу баштуу кишилер той-топур өткөрүүгө уруксат сурап жатат

Кафе-ресторандар чоң иш-чараларды өткөрүүгө уруксат сурап жатышат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, эпидеомологиялык кырдаалга карата чечим кабыл алынат.

«Аттуу-баштуу кишилер кайрылып жатышат. Кафе-ресторандардын биримдигинен кайрылуу болду. Куран окутуу деген болуп калат экен. Мындай чечим эпидеомологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ күнү Бишкек шаарындагы «Кайнар» ресторанында саясатчы Өмүрбек Бабанов көзү өткөн эжесине куран окутуп, 300дөй адамды топтоду. Ресторанга айып пул салынды.

Кафе-ресторандар ишке киргени менен 50дөн ашык кишини кабыл ала алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар