01:21
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бишкекке БАЭден 187 кыргызстандык кайтып келди

Бишкеке Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу келишкен.

«Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты. Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды», — деп кошумчалады республикалык штаб.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар