Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаарында беш өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Азыр кырсыктын себептери такталууда.
«Өз өмүрүнө кол салгандар 11-14 жаштагы өспүрүмдөр. Көбүнчө ата-энелер менен уруштан улам балдар кескин чараларга барышкан», — дейт жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өлкөдө карантин жарыяланган.