10:03
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн урушу 18 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн урушу 18 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда ооруканага бычактан жаракат алган жаш жигит түшкөн. 2 сааттык операциядан кийин ал өзүнө келбей каза болду.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Каза болгон 2001-жылы туулган жигит Сузак районунда жашаганы аныкталды. Окуяга шектүү катары 19 жаштагы жигит жана 17 жаштагы кыз кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар