Бишкек шаарынын мэриясы мектептер менен бала-бакчалардын дааратканасын оңдоп-түзөө үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 25,6 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы билдирди.
2020-жылы 20 мектепте жана 2 бала бакчада 79 ички жуунучу бөлмөнү оңдоо пландалган.
Жалпысынан билим берүү мекемелериндеги 179 даараткана капиталдык оңдоого муктаж.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдан бери жуунучу бөлмөлөрдүн аянычтуу абалын көтөрүп келишет. Буга чейин алар мэрияга, мектептердин дааратканаларына көзөмөл жүргүзүп, алардын канчасы оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги тууралуу маалымат берүүнү тапшырышкан.