14:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдөгү жолдун жээгине дааратканаларды куруу сунушталды

Жогорку Кеңеште кайрадан коомдук даараткана темасы көтөрүлдү. Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдөгү жолдун жээгине дааратканаларды жана жуунучу жайларды орнотууну сунуштады.

Айтымында, жаңы туристтик сезонго аз калды, ал эми дааратканалар салына элек.

Депутат дааратканаларды май куючу жайлардын аймагына гана эмес башка жерлерге салууну сунуш кылды. Пикиринде, пансионаттардын ээлери бул милдетти моюндарына алып, жол жээкетерине даараткана салышы керек.

«Ыңгайлуу даараткана салбагандарга лицензия бербей койсо болот», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар