Бишкектен Якутияга (Россия) учуу каттамы 19-июнга белгиленген. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Анын айтымында, борттогу орундар Амурск, Магадан, Сахалин, Иркутс облустук, Еврей автономиялуу облусу, Камчатка, Приморск, Красноярск, Хабаровск, Бурятия, Саха (Якутия) аймактарында жашаган жарандарга берилет.
«Каттам тууралуу баардык маалыматтарды Бишкектеги элчиликтин сурап-билүү бөлүмүнө 0312612615, 0312612617 номурлары аркылуу, ал эми облустун түштүк тарабында жашаган жарандар Оштогу элчиликке 0558909005, 322288221 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот», — деп билдирет Россиянын Кыргызстандагы элчилиги.