Кыргызстанда коронавирусту алгач жуктургандардын инкубациялык мезгили аякташына байланыштуу Бишкек шаарында көзөмөл күчөйт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Шаар коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт.
«Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз», — дейт ал.
Белгилей кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.
Ага байланыштуу карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюларын комендатурадан билдиришти.

