23:08
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Коронавирус жуктуруп алган Нарындын тургуну Бишкекте төрт күн болгон

Коронавирусту жуктуруп алган Нарындын тургуну Пакистандан келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
 
Анын айтымында, 1959-жылы туулган Нарын шаарынын Городок аймагындагы Намирова көчөсүнүн тургуну 18-мартта Пакистандан келген.
 
«Ал 2019-жылдын 15-ноябрында Пакистанга даваатка кеткен. 2020-жылдын 15-мартында Лахол-Ташкент-Ташкент-Бишкек рейси менен саат 10:00дө «Манас» аэропортуна келген. Ташкентте Бишкекке учуучу каттамды 5-6 саат күтүшкөн. «Манас» аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө «Тез жардамга» кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
 
Бейтап Нарынга чейин Бишкек шаарында уулунун үйүндө төрт күн болгон. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга саат 15:00-16:00 чамасында 7 киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта анализинен вирус табылган. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануусу жок.
Эң көп окулган жаңылыктар