17:48
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдар атайын обсервацияга алынат

Коронавирус илдетине чалдыккан кош бойлуу айымдар Бшкектеги № 2 клиникалык төрөт үйүнө жайгаштырылат. Бул тууралуу коронавирус боюнча түзүлгөн республикалык штаб 24.kg агенттигине маалымдады.

Маалыматка ылайык, № 2 клиникалык төрөт үйүнүн бир кабатын атайын обсервацияга даярдашты.

«Кош бойлуу айымдар үчүн мындай обсервация жетишсиз. Айрым айымдардын анализдери коронавирус илдетине тиешелүү көрсөткүчтү көрсөтүшү ыктымал», — дейт билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар