14:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коронавирустан улам жылдырылган Gugulethu концерти ушул жумада өтөт

Өткөн жумада А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтө турган Gugulethu афротенорлордун концерти 15-март күнү «Асанбай» борборунда болот. 

Артисттер 10 тилде ыр ырдашат. Алардын стили афрооперадай мүнөздөлүп, жан дүйнөнү азыктандырган уникалдуу заманбап этникалык музакаларды тартуулашат.

Концертте дүйнөлүк опера айдыңынын шедеврлары аткарылып, белгилүү сериалдар жана музыкалар, белгилүү кинолорго арналган чыгармалар, неаполитандык жана орус элдик ырлары, африка обондору жана афрофьюжн жаңырмакчы.

Концерттин репертуарында: «Gugulethu» жана классикалык «Nessun Dorma», белгилүү «O Sole Mio», «Nella Fantasia» чыгармалары, «Time to say good buy», «Heliluhia» дүйнө хиттери, африкалык музыкалык композициялары, жана оригиналдуу «O Afrika!» жана «Nyamezela».

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума