07:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги жума намазга топтолбоого чакырат

Саламаттык сактоо министрлиги жума намазга топтолбоого чакырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.

Министр муфтиятка жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жума намазга элди топтообо сунушу менен кайрылган.

«Албетте биз намазга топтолууга тыюу сала албайбыз. Массалык иш-чараларды азайткан туура. Адамдардын аз болгону оң. Жума намазды үйдө окуса да болот», — дейт ал.

Белгилей кетсек, учурда коронавирусту 83 миңден ашык адам жуктуруп алды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума