17:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Карантинге алынбай аэропорттон өтүп кеткен Италиядан келгендер боюнча иликтенет

Өкмөт Италиядан келген 2 кыргыз жараны туш болгон кырдаалды дыкат иликтейт. Бул тууралуу премьер-министрдин аппаратынан билдиришти.

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Жыргалбек Турускулов Италиядан келген Кыргызстандын 2 жаранын дене табын текшерип туруп эле коё берилгенин айткан.

«Алар өздөрү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барса, ал жерде дагы дене табын текшерип жөнөтө беришкен», — дейт Жыргалбек Турускулов.

Өкмөттүн маалыматында, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Италия, Кытай, Түштүк Корея жана Ирандан келгендерди сөзсүз түрдө карантинге алуу чечимин жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар