06:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коронавирус. Үрүмчүдөн келген студенттерден илдет аныкталган жок

Үрүмчүдөн келген 40 студенттерден илдет аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Студенттер 14 күн карантинде болуп, бүгүн үйлөрүнө жөнөтүлдү. 

«Алардын баарынын тең ден соолугу канааттандырарлык. Белгилей кетсек, студенттер алгач «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан тийиштүү кароодон өтүп, андан кийин медициналык жайга киргизилген. Карантин учурунда студенттер эки жолу текшерүүдөн өтүштү. Тесттин жыйынтыгы жакшы болуп чыкты. Ошондой эле карантин аяктаганга чейин студенттер бир гана дарыгерлер менен жолугушуп жатышты», — дейт министрлик. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар