05:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажикстанда Кытайдан келген 700 адам дагы эле карантинде

Тажикстанда коронавируска байланыштуу карантинге жаткырылган 330 адам үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Кытайдан келген дагы 700 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө карантинде калууда.

Акыркы кездери коронавируска байланыштуу Тажикстанда жөнөкөй медициналык беткаптардын баасы бир доллардан бир жарым долларга көтөрүлдү. Дарыкана кызматкерлери беткаптардын кымбатташына алардын тиешеси жок экенин, бааны өндүрүүчүлөр жогорулатып жатканын билдиришүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миңден ашып, илдетти жугузуп алгандардын саны 74 миңге жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума