02:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кытай Түркмөнстандан 1 миллион медициналык беткап сатып алды

Кытай Түркмөнстандан 200 миң долларга 1 миллион медициналык беткап сатып алды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги «Ориент» түркмөн порталына шилтеме кылып билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, беткаптар үч катмардан турат жана бардыгы түркмөн ишканаларында өндүрүлгөн.

Түркмөнстанда адамдар коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Өлкөнүн мамлекеттик басылмалары Кытайга медициналык беткап сатылгандыгы тууралуу кабарлашкан жок.

Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 75 миң 199 адамга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар