11:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Россия Кытай жарандарына өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды

20-февралдан тарта Кытайдын жарандарына Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Маалыматка караганда, премьер-министр Михаил Мишустин кол койгон буйрукка ылайык Кытай туристтери, студенттери жана мигранттары Россияга кире албайт. Миграциялык кызмат документтерди кабыл алууну токтотту.

Чечим Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчушунан улам кабыл алынды.

Азырынча Россиядан башка мамлекет мындай чечим кабыл ала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар