Аймактык бөлүп-жаруу маселесин козгогон блогер Sydyman эки айга камалды.
Элмир Сыдыманов инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, Ош облусунун жашоочуларуна акараат келтирген сөздөрдү айткан. Анын сөзүнө сындар айтылып, шоу-бизнес жылдыздары жана белгилүү инсандар ынтымакта болууга чакырышкан.
Элмир Сыдыманов кечирим сурап, сөзү өзүнүн хейтерлерине гана багытталганын айткан.
Укук коргоо органдары тарабынан ага «аймактык кастыкты козгоо» айыбы тагылууда.