15:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент аймактарды өнүктүрүүнүн зарылдыгын түшүндүрдү

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Анда Сооронбай Жээнбеков аймактар өзгөчө көңүл бөлүүгө муктаж экендигин баса белгиледи.

"Региондордун өнүгүүсүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк айырмачылык андан ары тереӊдей турган болуп турат. Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп калды. Өнүгүү зонасы Бишкектин тегерегинде гана болуп, жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып турчу таяныч шаарлардын каркасы пайда болгон жок- дейт мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби