Орусиянын Биринчи каналында болгон «Голос» телешоусунун катышуучусу Нуржигит Субанкулов Кыргызстанга келип, учурда чыгармачылыкка баш оту менен киришкен чагы. Ал бул жылы күйөрмандарына өзүнө таандык жаңы чыгармаларды тартууламакчы.
Эскерте кетсек, мекендешибиз «Голос» телешоусунун жарым финалына катышып, калыстар тобунун чечими менен долбоордон четтетилген.
Нуржигит Субанкулов 24.kg агенттигине долбоордон алган таасирлери тууралуу маек куруп берди.
-Сизди көпчүлүк «Голос» долбоорунан кийин тааныды. Буга чейин деле ырдап жүрчү белеңиз?
— Мен Токмок шаарында туулуп өскөм. Кесибим боюнча финансистмин. Окууну аяктагандан кийин чакан насыя берүүчү компанияда 10 айча иштеп көрдүм. Бирок, музыкага болгон кызыгуум күч болгондуктан, кесибимди уланткан жокмун.
Негизи музыкалык билимим деле жок, ырчылык өнөр атамдан өтсө керек. Анткени атам аккордеон чертип, обон созуп калат.
Акыркы 15 жылдан бери кафе, ресторан, клубдарда ырдап жүрөм. Чоң сахнага чыкпасам дагы шоу-бизнес өкүлдөрү менен тааныштыгым бар. Азыр 32 жаштамын. Балким мурдараак «Голос» долбооруна катышсам, өтпөй калмакмын. Ошондуктан, эми 15 жылдык тажрыйбамдын негизинде катышып чыкканым туура болду деп ойлойм.
— «Голос» телешоусуна кантип катышып калдыңыз? Долбоордон өзүңүзгө эмнелерди ала алдыңыз?
— Буга чейин 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн «Мейкин Азия» деген сынакта өзүмдү сынап көргөнмүн.
«Голос» долбооруна көп жыл даярданып, былтыр май айында арыз жибердим. Кастингден жеңил өтүп кеттим.
Долбоордон өзүмө чоң тажрыйба ала алдым. Музыка тармагында эмгектенген көптөгөн белгилүү инсандар менен тааныштым. Мен өз күчүм акыркы этапка чейин жеттим. Москвада тургай Бишкекте дагы тааныш-билиштерди ортого салган эмесмин. Бирок, Москвада тааныш билиш аркылуу кыймылдагандар да бар экен.
— Акыркы жолку катышканыңызда кыргыз тилинде ырдап чыкканыңыз көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду окшойт?
— Кыргыз тилинде «Конь» деген ырды аткарып чыгуу идеясы устатыбыз Константин Меладзеге таандык. Өз тилибизде ырдоо кесиптешим Аскер Бербеков экөөбүз үчүн чоң белек болду. Биринчи каналда кыргызча ырдаганга көкүрөгүң көтөрүлүп, сыймыктанат экенсиң.
— Орусияда калып иштөө боюнча сунуштар түштүбү?
— Сунуш Орусиядан да, өз өлкөбүздөн да түшкөн жок. Эгер ошондой сунуш болуп калса, албетте Орусияда чыгармачылык карьерамды өстүрүү үчүн калмакмын. Алдыда Москва, Алматы, Бишкек шаарларында ырларым жаңырса деген максатым бар.
Ошондой эле музыкалык билим алуу тууралуу ойлонуп жатам. Мындан 7-8 жыл мурун ата-энем «ушунча жыл окуп, эми кесибиң боюнча иштебей ырдайсыңбы» — деп капа болушкан. Бирок азыр мага колдоо көрсөтүшүүдө.
— Устаттарыңыз Константин Меладзе менен Валерий Сюткин кандай кеңештерди беришти?
— Албетте, устаттарым кеп-кеңешин берип турушту. «Алдыда токтоп калба, ырларды чыгар, өзүңдүн үстүңдөн көбүрөөк иште, жаңы чыгармаларды алып чык» деп айтышты.

