03:43
USD 84.87
EUR 91.60
RUB 1.11

Казакстанда Жаңы-Өзөн окуясын кайра иликтөөнү талап кылышууда

Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары Казакстан президентине кат жолдоп, 2011-жылы 16-декабрда мунайчылар иш таштаган учурда калкка ок атууга буйрук берген кишилерди аныктоону талап кылышты.

Кайрылууга Жаңы-Өзөн окуясында курман болгондордун туугандары, жаракат алгандар, майып болгондор, трагедиялуу окуядан кийин адилетсиз түрдө соттолгондор, шаар тургундары жана мунайчылар болуп, жалпысынан 100 киши кол койгон.

Алар ок атууга буйрук берген кишилер жоопкерчиликке тартылбаса, Жаңы-Өзөндө кырдаал турукташпай турганын билдиришүүдө.

Кайрылууда курман болгондордун туугандарына өзгөчө макам ыйгаруу талабы да бар.

«2011-жылы ок атууга ким буйрук берди? Ушул маселе кайра каралсын жана жети ай иш таштаган мунайчыларга моралдык зыян үчүн компенсация төлөнүп берилсин. Курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө өзгөчө макам ыйгарылсын. Ушундай талаптарды коюп жатабыз. Токаев мырза муну чечет деп ишенебиз», — деди жергиликтүү жашоочу Муратбай Жумагалиев.

2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Бул окуялардан кийин «жапырт башаламандык уюштурган» деген кине менен 37 киши соттолгон. Алардын ичинен 13 киши үч жылдан жети жылга чейин кесилип, үчөө толук акталып чыккан. Калганы шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. «Кызмат абалынан аша чапкан» деген негизде бир нече полиция кызматкери да жоопко тартылган.

Кийинчерээк казак өкмөтү каза болгондордун үй-бүлөлөрүн бир миллион, жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө жарым миллион теңге компенсация төлөп берген.

2011-жылы Казакстан Ички иштер министрлигин (ИИМ) Калмуханбет Касымов жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар