16:09
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Борбор калаадан чөнтөк уурусу кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январда РИИБга шаардын тургуну кайрылып, чөнтөгүнөн смартфонун уурдатып жибергенин айткан. Окуя саат 14:00дө Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө болгон.

Уурдалган телефон 17 миң сомдук деп айтылууда.

Аталган окуяга шектүү делип 1987-жылы туулган жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар