04:25
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Дайыр Исмадияров клибин көрсөтпөй койгок КТРКнын көркөм кеңешине нараазы

Ырчы Дайыр Исмадияровдун «Биз баскан жолдор» аттуу клиби «Музыка» каналынан көрсөтүлбөйт. Бул боюнча КТРКнын чечимин ырчы өзү жарыялады.
 
КТРКнын көркөм кеңеши чыгарманы социалдык программага ылайыктуу деп тапкан.
 
Ырчы Дайым Исмадияров көркөм кеңештин чечимин «Музыка» каналынын жетекчиси Канат Култаев менен жеке келишпестиктери менен байланыштырат.
«Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми атайын. Музканалдын продюссери Канат Култаев экөөбүздүн пикирибиз келишпей уруша кеткенбиз. КТРКнын «Көгүлтүр отуна» акчамды алып катыштырбай койгон. Ал аз келгенсип тыйынымды кайтарганга шашкан эмес. Жашоодо мындай нерселер боло берет. Ал Канат байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка сүйрөп, өчөшкөн ырчыларынын клиптерин өткөрбөй коёбу?», — дейт Дайыр Исмадияров.
Эң көп окулган жаңылыктар