1-январдан 7-январга чейин Бишкекте 1 уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
«3-январда «Белес» кафесинен 4 киши бифштекс жеп ууланышкан. Жабыркагандардын баарынын абалы канааттандыраарлык, баары амбулатордук дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.
Аталган кафе пландан сырткары текшерүүгө алынып, тамак ашы, ичүүсү суусу, идиш аяктардын жууп тазаланышы кароодон өттү.