Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык унаа башкармалыгы баш калаага жол чырактарды орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Маалыматка ылайык, тендердин суммасы 3 миллион 74 миң 868 сом.
Тендер былтыркы жылдын 30-декабрында жарыяланды. Сынактык иштер 16-январга чейин кабыл алынат.
Маалыматка таянсак, жол чырактар төмөнкү даректерге орнотулат:
— Махатма Ганди көчөсү, «ИСИТОнун» каршысына
— Ауэзов менен Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине
— Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишине
— Садыгалиев менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишине
— 7-апрел көчөсү, Улан-2 кичи району
— № 4 кичи району, № 17 окуу-тарбиялык комплексинин жанында.