13:03
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кундуз Жолдубаевга шектелип жаткандыгы тууралуу дагы 4 билдирме тапшырылды

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевга шектелип жаткандыгы тууралуу дагы 4 билдирме тапшырылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, ал куралдарды басып алуу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу, адамды кооптуу учурга таштоо жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүү боюнча шектелүүдө. «Баш-аягы 7 эскертме берилди. Алардын катарында барымтага алуу, бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасоо жана массалык башаламандык уюштуруу бар», — деди Кундуз Жолдубаева.

Ал мүлкүн камакка алышканын кошумчалады.

Сот Кундуз Жолдубаеваны үй камагына чыгарган. Буга чейин ал Мээрбек Мискенбаев сыяктуу күбө катары өтүп келген. Мээрбек Мискенбаев № 1 тергөө абагына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар