06:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кундуз Жолдубаеваны ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүгө чакырышты

КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүгө чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кундуз Жолдубаева өзү билдирди. 

Айтымында, бүгүн ага милиция келип, күбө катары саат 12ге сурак берүүгө билдирме таштап кетишкен.

«Бирок, милиция аны менен бирге азыр суракка баруумду айтты. Мен ага билдирмеде көрсөтүлгөн убакта бара турганымды айтканымда, тергөөчү азыр келишимди талап кылып жатканын билдиришти. Жыйынтыгында жактоочум менен бирге саат 12ге бара турган болдук», -дейт ал.

Кундуз Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуя боюнча күбө катары суралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума