10:30
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

2019-жылы экстремизмге байланыштуу 316 адам кармалды

2019-жылы диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын жайылткан 516 факты аныкталып, алар боюнча 316 адам кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жарандардан экстремисттик мүнөздөгү 2миң 104 материалдар алынды.

Экстремизмдин алдын алуу үчүн жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары арасында 6 миңден ашуун лекция, семинар, тегерек стол, конференция өткөрүлдү.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 80 сайт жана 22 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 44 сайт, 10 аккаунт соттун чечими менен жабылды.

Эң көп окулган жаңылыктар