20:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президенттик балатынын катышуучуларын Бишкектеги эки интернатка жайгаштырышат

Президенттик балатынын катышуучуларын Бишкектеги эки интернатка жайгаштырышат. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. 

Жаңы жылдык майрамга 7 облустан 307 бала катышат. Алардын 120сы (Ош шаарынан, Ош облусунан, Жалал-Абад облусунан, Баткен жана Чүй облустарынан келген) дүлөй балдар үчүн атайын мектеп-интернатка, 187си (Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан келген) азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын интернатына жайгаштырылат.

Маалыматка караганда, интернаттарда тарбиялануучулар үчүн окуу процесси аяктаган, алар 22-декабрдан тарта кышкы эс алууга тарашты. Жаңы жылдык майрам 26-декабрда Улуттук филармонияда башталат.



Эң көп окулган жаңылыктар